Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:41

Жээнбеков: Кароосуз калган имараттарга заманбап оорукана ачылат


Каракол шаары. 3-август, 2020-жыл.

Президент Жээнбеков 3-августта Ысык-Көлдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Мамлекет башчы Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага барды. Ал жерде коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 245 орун даярдалган. Мындан тышкары облустук оорукананын карамагында ремонтко муктаж эки имаратта кошумча 175 орунга жеткидей жай бар. Аны уюштуруш үчүн 20 млн. сом зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган оорукананын жамааты менен
жолугушуу учурунда өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды тактап чыгууну тапшырганын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, андай имараттар заманбап оорукана кылып реконструкцияланат жана багытын өзгөртөт.

Жолугушуу учурунда медицина кызматкерлери учурда дары-дармек,
медициналык жабдуулар менен камсыздоо жакшы жолго коюлганын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлерине кыйын кезеңдеги күжүрмөндүгү үчүн алкыш айтты. Ошондой эле дарыгерлерге убада берилген эмгек акы, компенсациялык төлөмдөрдү берүү жана башка колдоо боюнча бардык маселелер өз убагында чечилерин билдирди.

Мамлекет башчы Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы күндүзгү стационарлардын иши менен таанышып, илдетке каршы күрөшүүдө медиктерге көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар менен да пикир алышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Караколдогу
күндүзгү стационарга күн сайын 400дөй киши кайрылат. Өткөн айда
ачылган Ак-Суудагы күндүзгү стационарга миңден ашуун адам кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алган.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдети 410 кишиден жаңыдан аныкталды. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө вирус лабораториялык жол менен 37129 кишиден табылды. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG