Пандемиянын кесепетинен улам Орусиядагы мигранттардын 40% жакыны жумушсуз, натыйжада күнүмдүк тиричилик үчүн каражатсыз калды. Бул тууралуу өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев 3-августтагы жыйында билдирди.
Медведев мунун кесепетинен кылмыштуулук өсүшү мүмкүн экенин белгилеп, июль айында Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында, Мурманск жана Амур облусунда чет өлкөлүктөр аралашкан кылмыштар көп катталганын тактады.
«Бул маселеге байланыштуу эксперттик чөйрөдө да жигердүү иш жүрүп атат. Жада калса эмгек мигранттарынын Орусияга киришине укук берүү тартибин өзгөртүү да сунушталууда», - деди Медведев.
Орусиянын Ички иштер министрлиги 25-июлдагы билдирүүсүндө мигранттарды экстремизм окуяларына, коомдук тартипти одоно бузууга жана санкция берилбеген каршылык акцияларына катышууга байланыштуу айыптаган.