Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Курсан Асановдун сотунда жабырлануучулар көрсөтмө бериши уланат


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. 20-июнь, 2019-жыл.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. 20-июнь, 2019-жыл.

Бүгүн, 4-августта Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча жабыркаган тараптын көрсөтмө бериши уланат. Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, өткөн соттук жараянда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берген. Бүгүнкү отурумда иште жабырлануучу катары өтүп жаткан милиция кызматкерлери көрсөтмө беришет.

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата үч иш козголгонун кабарлаган. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алып, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деген айып коюлууда. Экинчиси - Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратты деп айыпталууда. Үчүнчү иш - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында Асановго «тергөөгө маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Биринчи май райондук соту ушул үч ишти бириктирип карап жатат.

Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.

Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экенин айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG