Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Дарыгер вирустан айыккандарды беткап тагынууга, эреже сактоого чакырды


Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Орусиянын Башкырстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов баштаган орусиялык дарыгерлердин тобу Кыргызстандын аймактарындагы ооруканаларды кыдырып чыкты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 4-августта билдиргендей, дарыгерлер тобу Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы, Ош, Бишкек шаарларындагы жардамга муктаж медициналык мекемелердин абалын көрдү. Кустов баштаган топ эпидемияга каршы иш-чараларды туура жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерди берген.

«Кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин дарылоону мыкты өздөштүрүшкөнүн байкадык. Биз барган медициналык мекемелерде дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү экен», - деген Евгений Кустов эпидемиологиялык абал басаңдаганына карабай, айрым чектөө аракеттери улантылышы керек экенин белгиледи. Ал илдеттен айыккан жарандарга беткап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону, эл көп топтолгон жерлерге барбоону, жеке гигиенаны эсинен чыгарбоону сунуш кылды.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1427 кишиге жетти. Бир күн ичинде ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.

XS
SM
MD
LG