Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Москва Беларуска байкоочу жибербейт


Александр Лукашенко ИИМдин жетекчилери менен. Минск. 28-июль, 2020-жыл.
Александр Лукашенко ИИМдин жетекчилери менен. Минск. 28-июль, 2020-жыл.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Беларустун Боршайкомунан президенттик шайлоого көз салууга расмий чакырылган эмес. Комиссиянын төрайымы Элла Памфилованын ТАССка билдиргени боюнча, быйыл салттуу расмий чакыруу болгон жок. Памфилова мунун бир себебин коронавирус пандемиясына байланыштырды.

Беларустун президентин шайлоо 4-августта мөөнөтүнөн эрте добуш берүү менен башталды. Бул күнү президент Александр Лукашенко элге жана Улуттук жыйындын депутаттарына кайрылды.

Беларуста бул жолу президенттик шайлоо мурдагылардан айырмаланып, чыңалуу менен өтүп жатат. Оппозиция аны мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн жүрүшүндө бурмалоого жол берилиши ыктымал деп сындап жатат.

Шайлоого 1994-жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенкону кошкондо беш талапкер ат салышууда. Оппозициячы талапкерлер Виктор Бабарико менен Сергей Тихановский камакка алынган, дагы бир оппозициячы Валерий Цепкало БШК каттабай койгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүп келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Беларуста 1995-жылдан бери бир да шайлоону эркин жана калыс деп тааныган эмес. Ал эми Лукашенко бардык дооматтарды четке кагып келет. 4-августтагы кайрылуусунда президент бул жолку шайлоодо сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG