Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Нарын облустук соту аялынын өлүмү үчүн соттолгон адамдын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук соту аялын сабап өлтүрдү деп соттолгон адамдын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул иш облустук сотто 4-августта каралды.

Быйыл 12-майда Кочкор райондук сотунун өкүмү менен жергиликтүү тургун Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун («Ээнбаштык максатында ден соолукка оор зыян келтирүү») негизинде күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган жана ага 110 миң сом айып салынган.

Жабыркаган тарап сот ага жеңил жаза берип койгонун айтып облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Аялдын өлүмү тууралуу факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Милициянын маалыматына караганда, окуя жаңы жылга караган түнү Жаңы-Жол айылында болгон. 37 жаштагы келиндин сөөгүн текшергенде анын оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганы байкалган. Кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынган. Ал аялы менен уруша кеткенин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG