Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Коронавирусту дарылоо протоколунун төртүнчү варианты даярдалууда


Бишкектеги убактылуу оорукана. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу оорукана. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо клиникалык протоколдун негизинде жүргүзүлүп жатканын 6-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси, инфекционист Айнура Кутманова билдирди.

Анын маалыматына караганда, ушу тапта протоколдун төртүнчү варианты даярдалып жатат. Протоколду эксперттер түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Ал Москва жана Уфадан келген дарыгерлер менен да талкууланган.

«Протоколго бир да эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын натыйжалуулугу далилденген жок. Негизинен протоколдун төртүнчү вариантында дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», - деди Кутманова.

Өлкөдө пандемия күч алган июль айында COVID-19 дарылоо боюнча расмий протоколго карата коомчулукта көп сын-пикир айтылды. Документ март айынан бери үч ирет өзгөрдү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти. Вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү, айыккандардын жалпы саны 30 099 болду.

Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG