Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Батукаев иши: Атамбаев шаардык соттогу жараянга да катышпай турган болду


Алмазбек Атамбаев сот залында. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6-августта Бишкек шаардык сотуна кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу боюнча ишти кароого жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Бирок, Жоошевдин айтымында, Атамбаев сотко катышуудан баш тарткандыктан жараян ансыз уланды:

“Алмазбек Шаршенович келди. Келип, катышууга каалоосу жок экенин айтып, кетти. Сотко катышкан жок. Азыркы сот бийликтин буйругу менен өтүп жатканын түшүнөрүн жана эч кандай адилет чечим күтпөй турганын айтты”.

Атамбаев бул иш райондук сотто каралганда да ага катышуудан баш тартып койгон.

Жактоочулары шаардык сотко аны мүлкүнөн ажыратуунун мыйзамдуулугун аныктап берүүнү сурап кайрылышкан.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшерүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул тууралуу маалымат берип, иш Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан.

Мурдагы президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясынан кийин кармалган. Бул окуя боюнча сот да Атамбаевсиз өтүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG