Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Министрлик: Быйыл түшүм көп болду


Буудай оруп-жыйноо учуру. Архивдик сүрөт.
Буудай оруп-жыйноо учуру. Архивдик сүрөт.

Пандемия шартына карабастан быйыл айыл чарба тармагында жылыш болгонун айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 7-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл буудай былтыркыдан 7,5 миң гектарга, арпа 11,2 миң гектарга көп себилди.

«Бул буудайдан эки центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», - деди ал.

Чодуев быйыл пандемияга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунун дыйкандарына донорлордун жардамы менен жеңилдетилген насыялар берилгенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, учурда дан эгиндеринин 62% жыйналып бүттү. (NT)

XS
SM
MD
LG