Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

COVID-19: Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштегендер өз эсебинен тест тапшырат


Түркмөн бийлиги өлкөсүндө коронавирус бар экенин расмий бышыктабаганы менен, беткап кийүү өңдүү карантин чараларын киргизген.
Түркмөн бийлиги өлкөсүндө коронавирус бар экенин расмий бышыктабаганы менен, беткап кийүү өңдүү карантин чараларын киргизген.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бийлик бардык мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин өз эсебинен коронавируска тест тапшырууга милдеттендирди. Бул тууралуу атайын жарлык чыкканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Айрым маалыматтарга ылайык, шаарда мындай тесттин баасы 100 манат же 28,5 доллар турат. Тест тапшырган кызматкерлер мындай маалыматты иштеген жерине тапшырууга милдеттүү. Бирок дарыгерлер ал маалымдамага тесттин жыйынтыгын жазбайт, аны ошол кызматкердин жетекчилерине жөнөтөт.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин өз эсебинен мажбурлап тест тапшыртып жатканы тууралуу расмий комментарий ала алган жок.

Түркмөнстан коронавирус бар экенин эмгиче расмий ырастай элек. Буга чейин өлкөдө ооруканалар өпкөсү кагынган бейтаптарга толуп калганы, бул оорудан көз жумгандар көбөйгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Өткөн айда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Түркмөнстанга келип кетишкен жана алар өлкө бийлигин «коронавирус жайылып жаткан сымал» чара көрүүгө чакырган. Бул өлкөдө бир катар катаал карантин чаралары киргизилген. Аймактарда тургундар беткап кийүүгө милдеттендирилип, аш-той өткөрүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG