Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

COVID-19: Кыргызстанда вирустун курмандыктары 1460ка жетти (видео)

Караколдогу убактылуу оорукана. Ысык-Көл облусу. Июль, 2020-жыл.
Караколдогу убактылуу оорукана. Ысык-Көл облусу. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 вирусунан тогуз киши кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августтагы брифингде билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Ош облусунда, дагы бири Нарын облусунда катталды.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери вирустун курмандыктарынын жалпы саны 1460ка жетти.

XS
SM
MD
LG