Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

COVID-19: Бир суткада вирустан сегиз киши кайтыш болду


Пандемияда медиктердин иш учуру. Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. Июль, 2020-жыл.
Пандемияда медиктердин иш учуру. Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети сегиз кишинин өмүрүн алды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 9-августта билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда, дагы бири Ош облусунда катталды.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери өлкөдө андан кайтыш болгондор 1468 кишиге жетти.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет жугузуп алгандар 39919 адамга жетти. Анын 31 822си айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG