Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин укуктарын кеңейткен мыйзам күчүнө кирди


Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү 10-августта кабарлады.

Мыйзам долбооруна ылайык, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген расмий макамга ээ болот. Аларга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. Мындай макамды далилдөөчү «Мекен-карт» деген мамлекеттик документ он жылга берилет.

Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга бул мыйзам иштебейт.

Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт. Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат.

Мындай статусту ыйгаруу, узартуу, токтотуу жана андан ажыратуу тартибин, тиешелүү документтин үлгүсүн жана аны берүүнү өкмөт аныктайт.

Документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын 11-июнунда кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мамлекеттик миграция кызматынын ушул жылдын май айына карата берген маалыматы боюнча, чет өлкөнүн жарандыгын алган 300 миңдей кыргызстандык бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG