Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Беларус БШКсы Лукашенко 80% добуш топтогонун жарыялады


Шайлоонун жыйынтыгына наарызылык билдиргендер, Минск. 9-август, 2020-жыл.
Шайлоонун жыйынтыгына наарызылык билдиргендер, Минск. 9-август, 2020-жыл.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирди. Комиссиянын төрайымы Лидия Ермошина шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын 10-августта Минскиде жарыялады. Ага ылайык, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду.

Бирок эркин байкоочулар жана түндө көчөгө чыккан миңдеген митингчилер бийлик добуштарды бурмалаганын, шайлоодо Тихановскаяга добуш бергендер алда канча көп экенин айтып жатышат. Жекшембиде мамлекеттик экзит-полдун жыйынтыгы Лукашенконун жеңгенин көрсөткөндөн кийин миңдеген адамдар Беларустун көпчүлүк шаарларында нааразылык билдирип чыгышты. Баш калаа Минскиде күч кызматкерлери митингчилерди күч менен кууп таратууга аракет кылышты.

9-августтагы добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 84% катышты.

65 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Бул жолку шайлоого Лукашенконун келишкис атаандаштары, оппозициячыл күчтөрдүн лидерлери катыштырылган жок. Шайлоо өнөктүгү маалында журналисттер, блогерлер жана саясий активисттер сыяктуу ондогон адамдар камакка алынды.

XS
SM
MD
LG