Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Баткенде коомдук транспорттун иштешине уруксат берилди


Баткен облусунун борбору.
Баткен облусунун борбору.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 10-августта билдиргендей, Баткен облусунда ички район-шаар аралык коомдук транспорттун иши калыбына келтирилди. Аларга тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо сунуш кылынды.

Маалыматка караганда, Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоо боюнча айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автоунааларды тынымсыз дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүүү тууралуу тапшырмалар берилди.

Азырынча облус аралык коомдук транспорттун каттамына коюлган чектөө алына элек.

Коронавируска каршы күрөш боюнча Баткен облустук штабы 8-июлда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөрдү киргизген. Ага ылайык, 10-июлдан тартып Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка аймактардын ортосундагы коомдук транспорт жана такси кызматтары токтотулган. Облуска караган район-шаарларга каттаган коомдук транспорттун иши да убактылуу токтогон. (NT)

XS
SM
MD
LG