Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Төрөбаев: шайлоого катышпайм, VII чакырылыштагы парламент реформа кыларына ишенбейм


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери, партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Депутат бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болуп, каражат көп кетээрин, шайлоочулар программа, идея жөнүндө эмес, «Ким канча берет экен?» деген суроону көп берип жатканын айтты.

«Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жүргүзгөн, өзгөртүү кылган парламент болоруна менин көзүм жетпейт», - деп жазды Төрөбаев.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 140 миңден ашуун шайлоочунун добушун алган. Жогорку Кеңеште 13 мандаты бар. Төрөбаев ал жетектеген партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын мурда эле айткан. Бирок жеке өзү башка партиянын тизмеси аркылуу шайлоо катышаар-катышпасын билдире элек болчу.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу ниетин жалпысынан 44 саясий партия билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG