Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Гейтс АКШ коронавирусту ооздуктоодо артта калып жатканын айтты


Аризона штатында жүргүнчүлөрдү коронавируска каршы тесттен өткөрүп жаткан медициналык кызматкер, 18-июнь, 2020-жыл.
Аризона штатында жүргүнчүлөрдү коронавируска каршы тесттен өткөрүп жаткан медициналык кызматкер, 18-июнь, 2020-жыл.

«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс АКШ коронавирус пандемиясын ооздуктоодо дүйнөнүн калган мамлекеттеринен артта калып жатканын, буга калкты тесттен өткөрүүдөгү мүчүлүштүктөр себеп экенин айтты. Ал мындай оюн 9-августта CNN каналынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилүү филантроп «Кошмо Штаттардын баштапкы туура эмес чечимдери жана өлкөдөгү саясий атмосфера калкты тесттен өткөрүү жараянына кедергисин тийгизгенин» кошумчалады. Ошондой эле ал АКШда COVID-19 илдетинин алдын алууну көздөгөн карантин чаралары айрым өлкөлөргө салыштырмалуу так сакталбаганын да белгиледи.

Анын мындай билдирүүсү Кошмо Штаттарда коронавирустун такталган учурлары беш миллиондон ашкан учурга туш келди. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө 163 миңдей адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Президент Дональд Трамп АКШдагы тест системасын жактап, тест көп өткөрүлүп жаткандыктан өлкөдө коронавирус инфекциясы көп катталып жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG