Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Евробиримдик Беларуста митингчилерге күч колдонулганын айыптады


Минскиде жүрүшкө чыккандар кармалып жаткан учур, 9-август, 2020-жыл.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарга күч колдонулганын айыптады. Ал 10-августта «Твиттерге» жарыялаган билдирүүсүндө Беларус өкмөтүн добуштарды так саноого жана анын жыйынтыгын жарыялоого чакырды.

Ушул эле күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана уюмдун кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий да Беларустун күч органдарынын аракетин сынга алган билдирүү таратышты.

«Эркин шайлоо жана демократия үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мобилизациядан кийин Беларус эли добуштарынын так саналышын күтөт», деп айтылат ал билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирди. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду. Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептерин айтты.

Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кытайдын лидерлери Беларустун президенти Александр Лукашенкону мамлекет башчылык кызматка кайра шайланганы менен куттукташты. Лукашенко жекшембинин кечиндеги нааразылык акциялары үчүн «чет өлкөлөрдөгү күчтөрдү» айыптады.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG