Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Боронов: «Семетей» госпиталы жабылып, оорунун экинчи толкунуна даярдалат


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Мурдагы «Ганси» аба базасынын имаратында ачылган «Семетей» госпиталында ушул тапта 20 бейтап дарыланууда. Госпиталда баш-аягы 1300дөн ашык орун бар. Анын ичинен 50 орун реанимация катары иштеп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде билдирди:

«Биз 20 бейтапты да ооруканадан чыгаргандан кийин «Семетей» клиникасын жаап, ишин токтотобуз. Эгерде оорунун экинчи толкуну болуп кете турган болсо ага каршы күрөшүүгө даярдык көрөбүз. Имаратты дезинфекция кылып, жабдыктар жана кадрлар менен толуктоо иштерин жүргүзөбүз».

Премьер-министр ооруканалар боюнча да маалымат берди. Анын сөзү боюнча, ушул тапта Кыргызстандын бардык облустарында 12 медициналык мекеменин курулуш иштери жүрүүдө. Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Нарында жана Баткенде жаңы ооруканалар салынууда. Ал эми кээ бир аймактарда ооруканалар оңдолуп жатат. Аларда 1300дөн ашык орун ачылат.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи. Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG