Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Генерал Суваналиев менен экс-губернатор Жылкыбаев шайлоого аттанганын жарыялашты


Өмүрбек Суваналиев. 4-февраль, 2019-жыл.
Өмүрбек Суваналиев. 4-февраль, 2019-жыл.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышат. Бул маалыматты Суваналиев «Азаттыкка» ырастады:

«Жыйын өткөндө ошол жерден расмий жарыялайбыз. Шайлоого «Бүтүн Кыргызстан», Адахан Мадумаров менен чогуу барабыз, буюрса».

Суваналиев ушу тапта Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштейт. Ал кызматын качан тапшырарын айткан жок.

«Бүтүн Кыргызстан» буга чейин өз тизмесине кирип жаткан жоон топ саясатчылардын катарында Өмүрбек Суваналиевдин да атын атаган.

Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КСДПнын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоого «Республика» партиясы менен катышат. Бул тууралуу партиянын катчылыгы маалымат таратты. Жылкыбаев кызматтан 8-августта кеткен.

Шайлоого катышуу ниети менен иштен кеткен мамлекеттик кызматкерлердин катарында Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев да бар. Ал 10-августта кызматтан кетүү тууралуу арыз берген.

Партиялардын курултайлары жакындаган сайын саясатчылар партияларга бириге баштады. Негизинен көпчүлүк партиялардын жыйындары келерки жумага белгиленген.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек.

Азырынча бир да саясий партия жыйын өткөргөнү тууралуу маалымат тарата элек. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 партия билдирди.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG