Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Президент: Коопсуздук кеңеши саламаттык сактоодогу маселелерди иликтеп чыкты


Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда.
Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлүү маселелерди иликтеп чыкканын, жакында бул маселе талкууланарын билдирди. Бул тууралуу ал 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматына ылайык, 90 орундуу жаңы оорукананы ачыш үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин ушул жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Баткен шаарынын 116 миңден ашуун жашоочуларын 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт. Бул жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандырыш үчүн жетишсиздик кылат.

«Биз жаңы ооруканаларды курабыз, ал эми оңдоп-түзөөгө жарактуу имараттарды жабдып, толук жарамдуу медициналык мекемелерге айлантабыз», - деди Жээнбеков.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде Кыргызстандын бардык облустарында 12 медициналык мекеменин курулуш иштери жүрүп жатканын айткан. Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Нарында жаңы ооруканалар салынууда. Ал эми кээ бир аймактарда ооруканалар оңдолуп жатат. Аларда 1300дөн ашык орун ачылат.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи. Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG