Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдогон «Билоу» коомдук фонду, «Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү» коомдук фонду жана «Майыптардын укуктарын коргоо боюнча комитет» Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу ниетин билдиришти.
Бул тууралуу БШК билдирди. Маалыматка караганда, алар БШКда, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясында жана борбордун аймагындагы добушканаларда байкоо жүргүзүүгө уруксат сурашкан. Коомдук уюмдардын арызы 12-августта кабыл алынды.
30-июлда БШК «Жалпы иш» коомдук фонду менен «Таза шайлоо» ассоциациясынын байкоочуларын каттаган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга өтүшү керек. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген. (NT)