Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Каратаев: Кыргызстанда 160 миңдей адам коронавирус менен ооруду


Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августта өткөн онлайн брифингде Кыргызстанда болжол менен 160 миңдей адам коронавирус менен ооруганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, өлкөдөгү 13 177 адамда же оорулуулардын 36,3% бөлүгүндө илдет билинбей өткөн. Ал эми 10 781 кишиде же 29,7% бөлүгүндө жеңил болгон.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 487 кишиге жетти. COVID-19 вирусу 41 069 адамга жугуп, анын 33 318и айыкты.

11-августта премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолуна таянып, өлкөдө 4,2 млн. адамга коронавирус жугушу мүмкүн экенин эскерткен.

Өкмөт башчы ачык булактардагы маалыматтарга шилтеме берип, оорунун белгилери 1,4 млн. кишинин ичинен үчтөн бир бөлүгүнөн, же 466 миң адамда жеңил формада өтүп жатканын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG