Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:18

Соңку бир күндө эки киши сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

13-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ушул эле күнү 33 жаштагы эркек киши Ак-Суу районундагы Каракол суусуна түшүп кеткенин кабарлады. Издөө иштерине министрликтин куткаруучулары тартылып, азырынча жыйынтык чыга элек.

Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табыла элек. Аны издөө иштерине 42 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле 7-августта Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына түшүп кеткен жети жаштагы бала да табылбай жатат. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдар жана жергиликтүү тургандар тартылды.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ушул жылдын 11-июнуна чейин ар кандай себептер менен 60га жакын киши сууга чөгүп каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG