Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын билдирди. Ал арызды 13-августта жазганын маалымдады.
«Азаттыкка» ал мындай кадамынын себебин түшүндүргөн жок. Анын арызына кол коюлган-коюлбаганы жана ордуна ким дайындалганы маалымдала элек.
Максат Дамир уулу 2018-жылы 20-ноябрда министрликке караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалган. Бул кызмат министрдин орун басарынын даражасында.
Учурда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган бир катар мамлекеттик кызматкерлер кызматтарын тапшырып жатышат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. (NT)