Европа Биримдиги (ЕБ) жапырт нааразылыкты күч менен басууга буйрук берген Беларус мамлекетинин жогорку аткаминерлерине каршы санкция салууга камынууда.
Бул тууралуу Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин (ТИМ) жетекчилеринин кезексиз отурумунун жыйынтыгы менен Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мас жума күнү журналисттерге билдирди.
«Reuters» агенттиги атын атабаган дипломатка шилтеме берүү менен макулдашууга жетишүү – санкция киргизүүнүн баштапкы кадамы экенин белгиледи. Кийинки кадам Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесине кара тизмеге кире турган адамдардын аты-жөнүн тактоо боюнча тапшырма саналары айтылды.
DPA агенттиги санкциялык тизмеге президенттик шайлоодогу жасалмалоого жол бергендер да кошуларын маалымдады.
Санкция салууга бел байлаган тарапкерлердин сап башында Австрия, Германия жана Швеция бар. Польша, Чехия жана Балтия өлкөлөрү беларус оппозициясы менен президент Александр Лукашенконун ортосунда ортомчулук кылууну жактап жатышат. Венгрия Беларуска каршы санкция салууга сын көз менен кароодо.
Жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко 9-августтагы шайлоону жеңгенин расмий жарыялады. Комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенкого добуштардын 80,1%, анын негизги атаандашы Светлана Тихановскаяга 10,1% тийген. Оппозиция шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныган эмес.
Тихановская ошол эле күнү видео кайрылуу жарыялады. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% жакынын алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, өз чечимин коргоого, дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү.
Нааразылык акциялары шайлоо күнүнөн бери токтобой келатат. (ErN)