Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстандын Кумтөр өндүрүшүнөн сырткары экономикасы 7,7% төмөндөдү


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды.

Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсептөөсүндө маалымдалды.

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнга алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болору айтылган.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен чогуу жүргүзгөн августтагы жаңы иликтөөсүндө Кыргызстандын экономикасы быйыл 10% төмөндөйт деген болжол келтирди.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. АӨБ болжогондой экономика артка кетчү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

ИДӨ - бул өлкөдөгү ишканалар өндүргөн товарлардын жана көрсөткөн кызматтын жыйындысы. Соңку жылдарды Кыргызстандын ИДӨсү орточо эсепте 4-5% менен өсүш көбөйүп келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG