Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Улуттук банктын эл аралык резерви эки миллиард 769 миллион долларга жетти


Кыргызстандын Улуттук банкынын имараты.
Кыргызстандын Улуттук банкынын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви эки миллиард 769 миллион долларды түздү. Бул тууралуу 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешмеде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Ал өлкөнүн эл аралык резерви «тарыхый жогорку чекке жетти» деп айтты.

Абдыгуловдун маалыматына караганда, резервдин өсүшү ички рыноктогу алтынды улуттук валютада сатып алуу менен байланыштуу.

Улуттук банктын мурда берген сунуштамаларына ылайык, насыя алгандарга жеңилдик берүү багытында каржы-насыя уюмдары 30-июлга карата 77 млрд. сомдук 201 277 насыяны реструктуризациялады.

Улуттук банк 2020-жылдын 12-августунда атайын регулятивдик режим жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, банк жана төлөм системаларында инновациялык кызмат көрсөтүү жана технологиялар ишке киргизилет, алардын баасы төмөндөтүлөт. Толкунбек Абдыгулов банктык кызмат көрсөтүү жеткиликтүү боло турганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын макроэкономикалык туруктуулукту сактоодогу ролун белгилеп, бул багытта ишти жакшыртуу боюнча бир нече сунуштарды берди.

Улуттук банктын төрагасы айткан эки миллиард 769 миллион долларлык эл аралык резерв алтын-валюта запасынан турат.

Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор шартта Улуттук банктын карамагындагы алтын-валюта запасын колдонуу тууралуу сунуштар айтылган.

Улуттук банктын жетекчилиги жана өкмөт өкүлдөрү өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууга азырынча негиз жок экенин жана ал каражат финансы системасынын туруктуулугун кармап турууга багытталганын билдиришкен.

Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG