Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Кыргызстан бюджетти колдоого Евразия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар насыя алат


Кыргызстандын Финансы министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Финансы министрлигинин имараты.

Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүгүү фондунан 100 миллион доллар насыя алганы жатат. Тараптар коронавирус пандемиясынын шартында бюджетти колдош үчүн жардам алуу тууралуу келишимге кол коюшканын Кыргызстандын Финансы министрлиги 12-августта билдирди.

Маалыматка караганда, насыя 20 жылга 1% жылдык үстөк менен берилмекчи. Анын он жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Биринчи жылда пайыздык ченем 0,25% болот.

Финансы министрлиги каражат каржы жана социалдык тармактарда коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюш үчүн жумшаларын кабарлады. Акча ишкерлерди колдоого да багытталат.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери Кыргызстан эл аралык донорлордон 333,3 млн. доллар жардам алды. Анын 241,9 млн. доллары Эл аралык Валюта Фондуна, 50 млн. доллары Азия өнүктүрүү банкына, 24,8 млн. доллары Евробиримдикке, 3,3 млн. доллары Дүйнөлүк банкка, 10,9 млн. доллары Германия өнүктүрүү банкына (KfW) тиешелүү.

Евразия турукташтыруу жана өнүгүү фондун (эсеби 8,5 млрд. доллар) 2009-жылдын 9-июнунда алты мамлекет - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан глобалдык каржы кризисинин кесепеттеринен арылуу, аймактагы интеграциялык жараяндарды колдоо, экономикалык, каржылык туруктуулукту колдоо максатында түзгөн.

Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG