Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Президент Сооронбай Жээнбеков кайтып жаткан орусиялык дарыгерлер менен жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык медициналык топтордун жетекчилери менен жолугушуу учуру. 15-август, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык медициналык топтордун жетекчилери менен жолугушуу учуру. 15-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта орусиялык медициналык топтордун жетекчилери - Орусия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Евгений Спиценко менен алардын өлкөдөн кетип жатканына байланыштуу жолугушту.

Президенттик аппарат кабарлагандай, мамлекет башчы жеке өзүнүн жана бүткүл Кыргызстан элинин атынан орусиялык адистерге алардын жасаган ишти, жергиликтүү дарыгерлерге практикалык жардам көрсөткөнү жана өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге ушундай оор мезгилде көрсөткөн жардамы үчүн, анын ичинде медициналык дары-дармектер жана жабдуулар түрүндөгү гуманитардык жардамы жана медициналык адистерди жибергени үчүн ыраазычылык билдирди. .

Ал орус тарапты жаңы коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинанын катталышы менен куттуктады.

Евгений Кустов орус адистеринин Кыргызстанда аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу кыскача баяндап берди. Анын берген маалыматына ылайык, өлкөнүн 31 медициналык мекемесинде үч негизги багытта иш жүргүзүлгөн. Ал ичине дарыгерлерди биологиялык коргоо жана эпидемияга каршы режимдин эрежелерин сактоо боюнча окутуудан өткөрүүнү, бейтаптарды дарылаш үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берүүнү, өлкөнүн саламаттык сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууну камтыган.

Орусиялык адистер төрт миңден ашык адамды текшерип, 615 адамды стационарлардан чыгарып, 594 адамды чыгарууга даярдаганы белгиленди.

Евгений Спиценко Орусиянын аскердик дарыгерлери Бишкек жана Ош шаарларында аскер госпиталдарында болуп, негизинен, оор жана орто оор абалдагы бейтаптар менен иштешкенин маалымдады. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканын жана төмөндөө тенденциясы ачык көрүлгөнүн белгиледи.

23-июлда Башкыртстандан 50 дарыгер коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылыш үчүн Кыргызстанга жардамга келген. Анын алдында, 22-июлда Орусиядан 20 аскердик дарыгер Кантка түшкөн. Президент Сооронбай Жээнбеков алар менен 24-июлда да кездешкен эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG