Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Минскиде нааразылык учурунда каза болгон киши менен миңдеген адам коштошту


Минск шаарындагы Пушкин аянты. 15-август, 2020-жыл.
Минск шаарындагы Пушкин аянты. 15-август, 2020-жыл.

Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү.

Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.

Беларустун Ички иштер министрлиги демонстрант өзүнүн колундагы жардыруучу түзмөктөн каза болгон деп белгилеп жатат. Жарандар тарткан видеодо көрүнүп тургандай, анын колунда эч кандай түзмөк болгон эмес, ал эми медициналык бүтүмдө көкүрөгүндөгү жарааттан улам каза болгону айтылат. Акциянын катышуучулары Тарайковский атайын кызматтын огунан өлгөн деп эсептешет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Александр Тарайковский Беларустагы акциялардан каза болгон жалгыз адам. Башка адамдардын мерт болгону тууралуу кабарлар ырастала элек. Акциянын бир нече катышуучулары оор абалда жатышат, жүздөгөн адамдар ооруканага жаткырылган. Алардын көбү атайын кызмат жана милиция кызматкерлери менен кагылышуу учурунда жараат алган, айрымдары кармалгандан кийин сабалган.

9-августтагы шайлоо күнү добуштарды жасалмалоого каршы башталган акциялар күн сайын катары менен болуп, бүгүн, 15-августта да уланды. Кийин зомбулукка барган полиция кызматкерлерин жоопко тартуу, президент Александр Лукашенкону кызматтан кетирүү, шайлоонун жыйынтыгын кайра эсептеп чыгуу сыяктуу талаптар кошулду. Нааразылыктын биринчи үч күнүндө милиция кызматкерлери акцияга чыккандарга чабуул коюп, миңдеген адамдарды камакка алган. 14-15-августта алардын көбүн кайра бошотту.

Жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко 9-августтагы шайлоону жеңгенин расмий жарыялаган. Комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенкого добуштардын 80,1%, анын негизги атаандашы Светлана Тихановскаяга 10,1% тийген. Оппозиция шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныган эмес.

Тихановская ошол эле күнү видео кайрылуу жарыялады. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% жакынын алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, өз чечимин коргоого, дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү. (ErN)

Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

XS
SM
MD
LG