Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 14, 2026Масалиев: Президенттик шайлоого катышууну четке какпайм
-
Октябрь 09, 2026ЕККУ: Журналисттердин сот иши ачык-айкын каралышы керек
-
Октябрь 09, 2026Темирлан Султанбеков: Оппозициянын жолу, Атамбаевдин мурасы
-
Октябрь 09, 2026"Түрмө мени сындыра алган жок"
-
Октябрь 08, 2026Орунтаев: "Бишкек Аренанын" баасы эсептелип бүтө элек
-
Октябрь 07, 2026Израилдеги кандуу чабуулга, Газадагы согушка үч жыл