Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Бир суткада 500дөн ашык кыргызстандык Орусиядан мекенине кайтты


«Урал авиалиниялары» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Урал авиалиниялары» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги 15-16-августтагы чартердик жаңы үч каттам менен Кыргызстандын дагы 559 жараны Орусиядан мекенине кайтканын билдирди.

Анда айтылгандай, «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясы 163 кыргызстандыкты Санкт-Петербургдан, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы 163 кыргызстандыкты Екатеринбургдан Ошко жеткиришти. «Урал авиалиниялары» 233 жүргүнчүнү Бишкекке алып келди.

Ушул эле эки компаниянын учактары 14-15-августтарда да башка каттамдар Бишкекке жана Ошко конгон. Аларда жалпысы 600дөн ашык мигрант келген болчу.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Мурдараак Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан баштап авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG