Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Орусиялык дарыгерлер үч аптада төрт миңдей кыргызстандыкты кароого жетишти


Орусиялык дарыгерлер Кыргызстанга келген учуру. 23-июль, 2020-жыл.
Орусиялык дарыгерлер Кыргызстанга келген учуру. 23-июль, 2020-жыл.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга жардамга келген орусиялык дарыгерлер үч апталык иш мөөнөтүндө жети облустагы 31 медициналык мекемеде иштөөгө жетишти. Бул тууралуу 16-августта Кыргызстандын өкмөт үйүндө өткөн брифингде орусиялык медициналык топтун биринин жетекчиси, Орусия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди.

“Биздин дарыгерлер кыргыз медиктери менен чогуу кызыл зоналарда болушту. Алар бейтаптарды дарылоо менен алектеништи. Мындан сырткары биз тажрыйба алмаштык. Медициналык кызматкерлерин корголгон шартта, оорубагыдай иштөө режимин жаратуу да биздин милдеттердин бири болду. Биз төрт миңден ашык адам карап, 564 адамды стационарлардан чыгардык, 370 адамды чыгарууга даярдадык. Ошондой эле биздин кызматкерлер кыргыз кесиптештери менен чогуу 40 бейтап жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылды”,-деди ал.

Орусиялык дарыгерлер иш сапарынын жыйынтыкталып жатканына байланыштуу 15-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Анда Евгений Кустов орусиялык адистер дарыгерлерди биологиялык коргоо жана эпидемияга каршы режимдин эрежелерин сактоо боюнча окутуудан өткөрүү, бейтаптарды дарылаш үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берүү, өлкөнүн саламаттык сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгуу боюнча иштегенин тактаган.

23-июлда Башкыртстандан 50 дарыгер коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылыш үчүн Кыргызстанга жардамга келген. Анын алдында, 22-июлда Орусиядан 20 аскердик дарыгер Кантка түшкөн. Президент Сооронбай Жээнбеков алар менен 24-июлда да кездешкен эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG