Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Орусиядан дагы 400дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди


«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Бишкекте. Иллюстрациялык сүрөт.
«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Бишкекте. Иллюстрациялык сүрөт.

16-августта «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик учагы Москва – Бишкек каттамы менен 406 кыргызстандыкты, анын ичинде 26 баланы Бишкекке алып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Соңку үч күндүн ичинде «Урал авиалиниялары» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург жана башка шаарларынан миңден ашык жаранды Бишкекке жана Ошко алып келишкен.

ТИМдин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Мурдараак Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан баштап авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG