Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Кой-Таш окуясы: шектүүлөр аралыктан өтүп жаткан сотко нааразы болушту


Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.
Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аралыктан өтүп жаткан жараянда айыпталуучулар судья Марат Сыдыковго нааразылык билдиришти.

17-августтагы отурумда сотко №1 тергөө абагынан видео конференция аркылуу кошулган шектүүлөрдүн айрымдары жараянга катышуудан баш тартып залдан чыгып кетишти. Бул тууралуу Кой-Таш окуясы боюнча иште үч кишини коргоп жаткан адвокат Бакытбек Автандил уулу билдирди:

«№1 тергөө абагында отурган айыпталуучулар сотко өтүнүчү бар экенин айтышты. Бирок судья алардын сөзүн укпай туруп эле прокурорлорго сөз берип койду. Шектүүлөр сүйлөп жатса алардын үнүн өчүрүп салышты. Айыпталуучулардын бир-экөө сот алардын сөзүн укпай жаткандыктан залдан чыгып кетишип, аларды кайра алып киришти».

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот коронавирус пандемиясынан улам 3-августтан тартып аралыктан өтүп жатат. Адвокаттар Жазык-процессуалдык кодекс боюнча сот шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керек экенин, онлайн сот отурумдары мыйзамсыз экенин айтып келатышат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жана сот бийлиги аралыктан сот өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн жана ал мыйзамдуу экенин билдирген.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG