Евробиримдиктин лидерлери Беларуста шайлоодон кийин башталган кризисти 19-августка белгиленген чукул жыйында талкуулаганы турушат.
Еврокеңештин президенти Шарль Мишел 17-августта саммит видеобайланыш аркылуу өтөрүн “Твиттерге” жазды.
“Беларус элинин өз келечегин аныктоого жана өз лидерлерин эркин шайлоого укугу бар. Каршылык акциясына чыккандарга каршы зомбулук көрсөтүлгөнү жарабайт жана буга жол берилбеши керек”.
Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана адилетүү шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет.
Өткөн аптада Евробиримдиктеги мамлекеттердин тышкы иштер министрлери шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана полициянын жарандарга каршы зомбулугуна жооптуу расмий бийликтин өкүлдөрүнө каршы санкцияларды даярдоону макулдашкан.
Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жаракат алды, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.