Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

«Ыйман Нуру» шайлоого катышат, лидери партиядан кетти


Айбек Осмонов. Сүрөт ишкердин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Айбек Осмонов. Сүрөт ишкердин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов билдирүү таратып, партия лидерлигинен кетерин жана алдыдагы шайлоого катышпай турганын жарыялады. Анда:

«Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар», деп жазылган.

Билдирүүдө «Ыйман Нуру» партиясы парламенттик шайлоого катышары айтылат.

Буга чейин партиянын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялаган. 14-август күнү эртең менен партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, саясий жарыштан чыгары жөнүндө билдирүү жарыялап, бирок анын себептерин көрсөтпөй, бир аздан кийин ал билдирүү өчүрүлгөн. Андан соң социалдык тармактарда бул партиянын айрым мүчөлөрү жана анын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгиленген кээ бир талапкерлер партиянын жетекчилигине катуу басым болуп жатканы тууралуу жазып чыгышты.

Бир тууган Айбек жана Нурбек Осмонов - «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү. Буга чейин Ошто жана Бишкекте шаардык кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен.

Осмоновдор быйылкы парламенттик шайлоого алгач «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанганы белгилүү болгон. Кийинчерээк андан бөлүнүп, «Ыйман Нуру» партиясы менен барары анык болгон.

Ага-ини Ош шаарында электромобил чыгаруучу завод, текстил фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстил фабрикасын курушкан. Президент Сооронбай Жээнбеков Ошто жана Баткенде өткөн иш сапарында бул ишканалардын ачылышына катышып, ишмердиги менен таанышкан. Ишкерлер мындан тышкары «Ихлас» курулуш компаниясынын ээлери. (ZKo)

XS
SM
MD
LG