Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстанда COVID-19 бир күндө дагы 155 кишиден табылды


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Медицина кызматкери иш учурунда.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Медицина кызматкери иш учурунда.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 155 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-августта билдиргендей, вирус аныкталгандардын 40ы Бишкекте катталды. Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда - 14, Талас облусунда – 6, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда - 12 кишиден вирус табылды.

Бир күндө COVID-19 вирусу Бишкек шаарында жана Баткен облусунда эки кишинин өмүрүн алды. Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери каза болгондор 1498 кишиге жетти.

Расмий маалымат боюнча вирусту жалпы 42146 киши жугузуп алып, анын 34885и айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG