Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды


Бишкек шаары. Чоң Чүй каналы. Июль, 2019-жыл.
Бишкек шаары. Чоң Чүй каналы. Июль, 2019-жыл.

Бишкектин Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылганын 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Наристе 10-августта Биринчи май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө каналга түшүп кеткен бойдон дайыны билинбей жаткан.

Баланын жакындары Чоң Чүй каналында суу көп болгондуктан издөө иштери кыйын болуп жатканын билдиришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, баланы издөө иштерине 35 киши тартылган, анын 21и куткаруучулар.

Расмий маалымат боюнча жыл башынан бери Кыргызстанда ар кандай себептер менен 60ка жакын киши сууга чөгүп каза болду.

XS
SM
MD
LG