Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

Бир сутка ичинде коронавирус дагы 179 кишиден аныкталды


Пандемия убагында ачылган стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 вирусу дагы 179 кишиден табылды. Бишкекте - 39, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 17, Ош облусунда - 24, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда - 22 адамдан коронавирус лабораториялык жол менен аныкталган.

Бир күн ичинде коронавирустан Баткен облусунда бир киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча муну менен Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустан 1054 киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн басма сөз жыйынында вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айтты.

19-августтагы расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 42325 кишиге жукту. Анын 35197си айыкты. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG