Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

АКШ Хариринин өлүмү боюнча чыккан сот өкүмүн кубаттады


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Прага, 12-август, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Прага, 12-август, 2020-жыл.

Кошмо Штаттар 2005-жылы Ливандын премьер-министри Рафик аль-Харирини өлтүрүүнү уюштуруу үчүн «Хезболла» тобунун мүчөсү сотто күнөөлүү деп табылганын кубаттады.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео 18-августта билдиргендей, Ливан боюнча атайын трибуналдын Селим Айяш аттуу жаранга карата чыгарган өкүмү «калыстыкты, жазасыздыктын токтотулушун көрсөтөт жана бул Ливандагы туруктуулукту, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн абдан маанилүү».

Гаага шаарынын жака-белинде жайгашкан, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу сот 18-августта бул иш боюнча айыпталып жаткан үч кишини далилдердин жетишсиздигинен улам актады.

Ливандагы «Хезболла» шиит тобунун мүчөлөрү деп шек саналып жаткан төрт адамдын соту сыртынан өттү.

Прокурорлор ырастагандай, жардыруу чөнтөк телефондордун жардамы менен ишке ашырылган. Алардын бири Селим Айяшка таандык болгону, ал «Хезболлага» тиешеси бар экени сотто аныкталган.

«Айяштын күнөөлүү деп табылышы «Хезболла» жана анын мүчөлөрү өзүлөрү ырастап келгендей Ливандын коргоочулары эмес эле, Ирандын сектанттык пландарын алдыга жылдырган террордук уюм экенин айгинелейт», - деп кошумчалады Помпео.

Ливандын мурдагы премьери Харири жана дагы 22 киши 2005-жылы Бейрутта автоунаанын жарылуусунан мерт болгон жана бул окуя Ливанда шииттер менен сунниттердин жиктешүүсүнө шыкак берген. Мурдагы премьер киши колдуу болгондон кийин Сирия Ливандан аскерлерин чыгарып, «Хезболла» буга тиешеси бар экенин четке каккан.

XS
SM
MD
LG