Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

БШК мыйзамсыз үгүт жүргүзүү тууралуу арыз боюнча эскертүү берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-августта «Биримдик» партиясына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча түшкөн арызды карады. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Ага караганда, «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деп даттанышкан. Жыйында видеофайл көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында БШКнын чечими менен Касымовго эскертүү берилген. Материалдар укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

БШКнын айрым мүчөлөрү «Биримдик» партиясына да эскертүү берүүнү сунуш кылып, бирок далил жок деген негизде ал колдоо тапкан эмес.

БШК мүчөлөрүнүн бири Кайрат Осмоналиев «Азаттыкка» бул арыздын негизинде Жоруктар кодексинин 87-беренесин («Шайлоочунун башканын атынан добуш берүүсү») колдонуу менен партияга эскертүү берилсе болмок деген оюн айтып, бирок БШК мүчөлөрүнүн тең жарымы эскертүүгө каршы чыкканын маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG