Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Абдирасулова: Кыргызстан Абдуллаевди өткөрүп берип, эл аралык норманы бузду


Журналист Бобомурод Абдуллаев эркиндикке чыккан күн. Өзбекстан. 2018-жыл.
Журналист Бобомурод Абдуллаев эркиндикке чыккан күн. Өзбекстан. 2018-жыл.

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Кыргызстандын УКМКсы тарабынан Өзбекстанга өткөрүлүп берилишин укук коргоочу Азиза Абдирасулова сынга алды.

Укук коргоочу "Азаттыкка" расмий Бишкектин башка мамлекетте "качкын" макамын алган адамды кармап, куугунтуктаган өлкөгө өткөрүп бергени эл аралык нормаларга туура келбей турганын билдирди:

"Кыргызстан Өзбекстандын күч кызматтарынын кепилдигин эч качан албайт. Экинчиден, качкындар тууралуу конвенцияга ылайык, үчүнчү бир өлкөдө "качкын" макамын алган адамды Өзбекстанга өткөрүп бербеши керек эле. Бирок бизде бул норма дайыма бузулуп келет. Бир нече жыл мурда кармалган уйгурларды Кытайга өткөрүп берген, 2005-жылы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга башпаанек сурап, качып келген төрт кишини да кайра Өзбекстанга кайтарып берген".

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов башка мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө шек келтирген деп айыпталган адамды кыргыз бийлиги кармап кала албасын түшүндүрдү.

"Минск, Кишинев конвенцияларынын негизинде Абдуллаевди өткөрүп бербей кое албайт. Өзбекстандын Конституциясына каршы иштерди жасаганы үчүн өткөрүп берүүсүн сурагандыктан, биздин күч кызматтары аны өткөрүп беришти. Бул жерде саясат жок", -деди Токон Мамытов.

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев 9-августта Ташкенттин өтүнүчү менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалган. Атайын кыздмат Абдуллаев Өзбекстанда кылмыш ишине шектелип, эл аралык издөөгө алынганын, ал өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалганын маалымдаган. 10-августта Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан болчу.

Бобомурод Абдуллаев өзбек бийлигине өткөрүлүп берилгенин 22-августта УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын укук коргоо органдары Бобомурод Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканы кабарланган.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган. Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG