Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Абактагы Абдуллаевге жакындары сарсанаа


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Кыргызстанда кармалган журналист Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын тергөө абагында кармалып турган журналисттен кабар ала албай жаткан Абдуллаевдин аялы айтып чыкты.

Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалган журналист Бобомурод Абдуллаевдин Өзбекстанга өткөрүлүшү мүмкүн экенин айтып чыккан жубайы Кутликиз Балхибаева «Азаттыкка» сүйлөп жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан күйөөсү тууралуу көптөн бери эч кандай маалымат ала албай жатканын билдирди.

Ушундан улам Балхибаева кыргыз бийлиги журналистти тымызын Өзбекстанга өткөргөн жокпу деп күмөн санап жатат.

«Эмне себептен Бобомуродго адвокаттарын киргизбей жатышат? Бул биринчи суроо. Экинчиден, «коронавирустан улам» деп айтып жатышыптыр, анда үй камагына чыгарып деле ишти карашса болмок да. Азыр анын кайда экени жөнүндө эч кандай кабар жок. Адвокаттары кире албай, көрө албай жатышат. Анын ден соолугу да начар. Буга чейин «ага дарыгер кирип, ден соолугун караса жакшы болмок» деп айтып жатам. Бирок эч ким кире албай жатат. Бобомурод кыйноого кабылдыбы же Өзбекстанга өткөрүлүп берилдиби деп сарсанаа болуп турам».

Кутликыз Балхибаева кыргыз бийлигин адам укуктарын сактоого чакырып, эгер Өзбекстанга өткөрүлүп берилбесе, адвокаттары менен көрүшүүсүнө уруксат берүүнү өтүндү.

«Мен Кыргызстанды демократиялык мамлекет деп ишенгим келет. Бирок эмне себептен үч адвокаттын бирөө менен да көрүшүүсүнө уруксат берилбей жатканына такыр түшүнө албай жатам», - деди ал.

Чынында эле акыркы күндөрү Бобомурод Абдуллаевдин абалынан кабар алып, аны менен көрүшө албай жатканын журналисттин адвокаттары да ырасташты. Адвокат Тимур Султановдун айтымында, УКМКнын тергөө абагынын жетекчилиги пандемиядан улам камактагылар менен жолугушууга чектөө киргизген.

«Бобомурод Абдуллаевдин үч адвокаты бар, - деп түшүндүрдү ал. - Үчөөбүз тең ага киргенге аракет кылдык. Тилекке каршы, УКМКнын тергөө абагынын администрациясы бизди киргизген жок. Алар «соттолуучуларга 14 күндүк карантин киргизилген, эч ким менен жолугушууга болбойт. Алардын абалына фельдшерлер көз салууда, тамагы берилип жатат» деп түшүндүрдү. Бул маалымат канчалык чын же калп экенин биз билбейбиз».

Тимур Султановдун айтымында, адвокаттар УКМКнын жетекчилигине расмий кайрылып, Абдуллаевдин укугу бузулуп жатканын билдирген. Ал ошондой эле адвокат бир өлкөдөн экинчи өлкөгө соттолуучулар башкы прокурордун жана анын орун басарынын чечими менен гана экстрадициялана турганын жана ушул учурга чейин Абдуллаев тууралуу мындай чечим чыкканы жөнүндө кабары жоктугун билдирди.

Ал эми УКМК менен Башкы прокуратура Бобомурод Абдуллаевди экстрадациялоо боюнча маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да жок.

Башкы прокуратуранын өкүлү Эрлан Асанов бул боюнча тиешелүү бөлүмдөн маалыматты тактай турганын айтуу менен чектелди:

«Биз бул маалыматты эл аралык кызматташтык бөлүмүнөн такташыбыз керек. Ал боюнча сурам жибердик, тактасак маалымат беребиз».

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. Ал 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган эле. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган.

Абдуллаевди УКМКнын кызматкерлери расмий Ташкенттин өтүнүчү менен 9-августта баш калаадагы кафелердин биринен кармап кеткен. Өзбекстан Абдуллаевди «Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү» жана «Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү» беренелеринин негизинде айыптап жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча азыркы маалда «Кора мерган» деген каймана ат менен Шавхат Мирзиёевдин дарегине сын макала жазган адам Бобомурод Абдуллаев болушу мүмкүн.

Аны Биринчи май райондук соту 8-сентябрга чейин камакка алган.

Бобомурод Абдуллаевдин камалышына байланыштуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар билдирүү тараткан. Алар кыргыз бийлигин журналистти Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG