Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Абдуллаевдин Ташкенттеги адвокаты Мамлекеттик коопсуздук кызматына чакыртылды


Бобомурод Абдуллаев.

Бобомурод Абдуллаевдин Ташкенттеги адвокаты Сергей Майоров 22-августта саат, 16:00го чукул Мамлекеттик коопсуздук кызматына чакырылганын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына кабарлады.

Адвокат Майоров буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенин расмий кабарлап жатса да, анын мыйзамдуу адвокаты катары Ташкенттен маалымат ала албай жатканын билдирген.

«Мен Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты экениме карабай, анын Ташкентке өткөрүлүп берилгени тууралуу билдиришкен жок. Он күн мурда эле Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына Абдуллаев өлкөгө алып келинери менен кабарлап коюусун өтүнүп, кат жолдогом», - деди Майоров.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-августта өзбек тарапка өткөрүп бергени тууралуу маалымат тараткан.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын анын адвокаты билдирген.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган.

10-август күнү Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Өткөн аптада АКШ Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин Бишкекте кармалган өзбекстандык көз каранды эмес журналист Бобомурод Абдуллаевдин эркиндигин чектебөөгө чакырган. Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросу Ташкент менен Бишкекке «сөз эркиндиги жана каттоо эркиндиги адам эркиндигинин пайдубалы экенин» эске салган.

«Биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкмөттөрүн өз милдеттерин аткарууга жана мурдараак Бишкекте кармалган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин ушул укуктарын коргоого чакырабыз», - деп айтылган бюронун «Твиттер» социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө.

12-августта «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму да Абдуллаев боюнча билдирүү таратып, кыргыз бийлиги расмий Ташкенттин өзбекстандык эркин журналист Бобомурод Абдуллаевди экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн четке кагууга, аны бошотууга тийиш экенин билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG