Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

БШК талапкерлер тууралуу маалыматтарды 4-сентябрга чейин текшерет


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга аттанган 17 партиянын документтерин текшере баштады. 4-сентябрга чейин талапкерлерге байланыштуу маалыматтар иликтенет.  

Жогорку Кеңешке ат салышуу ниетин билдирген 44 партиянын арасынан 17си өз убагында тийиштүү документтерди тапшырды. Алардын бири – “Актив” партиясы беш миллион сомдук шайлоо төлөй электигин 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирген.  

Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизме жана документтер тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш болчу.

4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат. Шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. (SE)

 

XS
SM
MD
LG