Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

«TikTok» тиркемеси АКШ өкмөтүн сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Популярдуу «TikTok» видеотиркемеси АКШ өкмөтүн сотко берди. Ак үй коопсуздук маселелеринен улам бул социалдык тармакка тыюу салган.

24-августта Калифорнияда берилген арызда АКШ өкмөтү компаниянын купуялыкты сактоо жана колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерине көз жумганы жазылган.

«Биз бардык кыйынчылыктарды эске алсак да администрация кооптонууга негиз болчу бардык жагдайларды жоюу боюнча аракеттерибизге толугу менен көз жумду деп эсептейбиз», деп айтылат анда.

Президент Дональд Трамп 6-августта кытайлык компанияга таандык «TikTok» тиркемесин улуттук коопсуздук боюнча тынчсыздануудан улам АКШда колдонууга тыюу салууга буйруган.

Трамп ошондой эле социалдык тармакка ээлик кылган «ByteDance» компаниясына видеотиркемеден баш тартууга мөөнөт берген.

«Oracle» жана «Microsoft» компаниялары АКШдагы «TikTok» компаниясынын бөлүмүн сатып алууга даяр экенин билдиришкен.

«TikTok» - өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны бир миллиарддай адам колдонот.

«ByteDance» компанияcы колдонуучулардын маалыматын Кытай бийлигине бербей турганын билдирип келет.

Кытай менен АКШнын ортосундагы тиреш акыркы убакта улам курчуп баратат.

АКШ Кытайды «коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган, Гонконгдогу, Шинжаңдагы эркиндикти жана адам укуктарын одоно бузуп жатат» деп айыптап келет.

«TikTok» тиркемеси боюнча Конгресстеги эки партиянын тең өкүлдөрү кабатырлыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG