Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Ооганстандагы чабуулдар 12 адамдын өмүрүн алды


Балх провинциясындагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага алып баратышат. Мазари-Шариф шаары. 25-август, 2020-жыл.
Балх провинциясындагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага алып баратышат. Мазари-Шариф шаары. 25-август, 2020-жыл.

25-августта Ооганстандын аймагында уюштурулган бир нече чабуул кеминде 12 адамдын өмүрүн алды.

Өлкө түндүгүндөгү Балх провинциясындагы аскердик базада болгон жардырууда үч адам, анын ичинде эки аскер командири курман болду.

Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлү Мунир Ахмад Фархад билдирди. Дагы алты командир жана 35 карапайым тургун жарадар болгону кабарланды.

Балхтагы жардыруу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Балхтагы жардырууда «ондогон» аскерлер каза болгонун «Твиттерине» жазды.

Ушул эле күнү Гор провинциясындагы өткөрмө-текшерүү бекетиндеги кол салуу алты ооган аскеринин өмүрүн алды. Ал жактагы атышуу беш саатка созулган. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Бирок бийлик аны «Талибандан» көрүп атат.

Кабулда жол четинде коюлган бомба жарылып, бир полиция кызматкери мүрт кетти. Аны ким койгону белгисиз. Ооганстандын баш калаасында «Талибан» да, «Ислам мамлекети» радикал уюму да тынымсыз аракеттенип турат. Кийинки айларда Кабулдагы жардыруулар үчүн негизинен «Ислам мамлекети» террордук уюму жоопкерчилик алып келатат.

XS
SM
MD
LG