Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтарды


«Кыргызстан» партиясынын Бишкектеги штабынан тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Муну менен БШК жумушчу топтун 25-августта берген чечимин колдоду.

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин анын «ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам тапшырганы мыйзам бузуу болгон» деп тапты.

24-августтун кечинде «Кыргызстан» партиясы БШКдан расмий каттоодон өтүш үчүн документтерди тапшырууда эреже бузган деген негизде чыр чыккан.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтоткон.

БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн документтерди алып келген убактысы кол менен оңдолуп, 17.59 деп жазылган. Видеокөзөмөлдө да алар имаратка белгиленген убакыттан кечигип кирип жатканы көрсөтүлгөн. Жарандык коом өкүлдөрү жана башка партиялар буга нааразылык билдирип, маселени жумушчу топ карай баштаган.

25-августта «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев документ кечикпей тапшырылганын айтып басма сөз жыйынын өткөрдү.

Исаев: "Кыргызстан" документти өз убагында берген
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Партия өкүлү Талант Мамытов уюм сотко кайрыларын билдирди.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач жарышка катышарын 44 партия билдирип, 24-августта алардын 17си расмий каттоого алынган. БШКнын басма сөз кызматы алгач «Кыргызстан» партиясы убакыттан кечикпей документ тапшырганын билдирген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG